• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Дарига Назарбаеванын ордуна жаңы спикер дайындалды

4 Бугу 202014:34 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев парламенттин жогорку палатасына төрага кылып Маулен Ашимбаевди дайындады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Белгилей кетсек,  Дарига Назарбаеванын ыйгарым укуктары 2-майда токтотулган болчу.

Жаңы дайындалган депутат буга чейин 2019-жылдан бери Казакстандын Президентинин администрациясынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп эмгектенип жаткан.

Маулен Ашимбаев 1971-жылы Алматы шаарында туулган. 1993-жылы Киров атындагы Казак мамлекеттик университетин аяктаган. АКШда Жон Хопкинс атындагы окуу жайынан тажрыйба алган. Ошол эле мамлекеттеги Тафтс университетинде укук жана дипломатия боюнча билимин тереңдеткен.

Количество просмотров: 154