• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дарыгер бейтаптын тууганы тарабынан сабалып, бир көзү көрбөй калды

6 Үчтүн айы 2020 15:04 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын Наманган облусундагы Үчкоргон райондук ооруканасынын нөөмөттөгү дарыгери Одилжон Кулдошев бейтаптардын биринин тууганы тарабынан сабалып, бир көзү көрбөй калды.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 2-январь күнү кечинде болгон. Ооруканага жеткирилген бейтаптардын биринин агасы жаңжал чыгарып, дарыгерди оң көзгө катуу уруп жиберген.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Фуркат Санаев жабыркаган дарыгер алгачкы медициналык жардам алгандан кийин Тез жардам кызматынын республикалык илимий борборунун Намангандагы өкүлчүлүгүнө жеткирилген.

— 3-январь күнү эртең менен ага өтө оор операция жасалды, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан анын оң көзү көрбөй калды, — деди Санаев.

Медицина кызматкерине кол салуу фактысы боюнча Наманган облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Шектүү катары 30 жаштагы жергиликтүү тургун кармалып, тергөө абагына камалды.

Бул Өзбекстанда дарыгерлер кол салууга кабылган алгачкы учур эмес. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2017-2018-жылдары өлкөдө жалпысынан 300 медицина кызматкери бейтаптардын туугандары тарабынан сабалган.

Булак: www.centralasian.org

Количество просмотров: 473