• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Дарыгерлер чарчады. Өкмөт медиктердин кадрдык резервин түзөт

26 Кулжа 2020 16:29 Бишкек Govori.TV

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды тийиштүү окутуу – саламаттык сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө», — деди Өкмөт башчы.

Өкмөт башчы медицина кызматкерлеринин кадр резервин түзүп, аларды окутуу эң башкы маселелердин бири болуп жатканын айтты. Тез арада медициналык окуу жайында иштегендерден, ординатурада, интернатурада окуп жаткандардан медицина адистерин даярдоо милдети коюлду. Мындай иш Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлүшү керектиги айтылды.

Жалпысынан 26-июнга чейин Кыргызстанда коронавирус 669 медицина кызматкерине жукту. Алардын 403ү айыгып, ооруканадан чыккан, экөө кайтыш болгон.

Количество просмотров: 178