• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыргызстанга цемент ташып келүүгө уруксат берилди

12 Бугу 202510:27 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети Кыргызстанга цемент ташып келүүгө салынган убактылуу чектөөнү алып салды.

Цементти импортуна ушул жылдын 31-мартында жарым жылдык тыюу салынган. Өкмөт бул чечим ички рынокту коргоо жана ата мекендик өндүрүштү колдоо максатында кабыл алынганын билдирген.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда цементтин тартыштыгы байкалып, баасы көтөрүлгөнү кабарланган болчу.

Количество просмотров: 166