• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Дарыгерлерди коргой турган мыйзам сунушталат

20 Аяк оона 202416:38 Бишкек Govori.TV

Дарыгерлерди коргой турган мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңешке сунушталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, дарыгерлер милиция кызматкерлери менен аскер кызматкерлеринин деңгээлинде болушат.

«Дарыгерлерди ур-токмокко алган учурлар бар, көрүп жатабыз, бирок айрымдары коомчулукка айтылбай калууда. Аларды коргоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Мисалы, милиция кызматкерлерине же аскер кызматкерлерине кол салуу болсо, кылмыш жоопкерчилиги каралган. Дарыгерлерге да ушундай сунуштайбыз», — деди ал.

Бейшеналиев жакында эле «тез жардам» кызматынын дарыгерине кол көтөрүү болгонун айтты.

«Үйдө той өтүп жатканда, бирөө ооруп калып, «тез жардам» чакырылган. Дарыгерлер келип жардам көрсөтө башташкан, бирок мас абалындагы коноктор дарыгерлерге кол салышкан. Мындай окуялар абдан көп. Жакында эле сабалган дарыгерибиз дарыланып, ооруканадан чыгарылды», — деди ал.

Количество просмотров: 109