• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Дарыгер: Кызылча оорусу Москвадан эки ымыркай менен келип 27 адамга жукту

6 Бирдин айы 201815:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.02. 2018. Govori.TV

Кызылча оорусу бизге Москвадан келген эки ымыркай менен кошо келген. Учурда ал балдар менен байланышта  болгон адамдар ооруп жатышат. Бул туурасында Govori.TV сайтына дарыгер иммунолог Калилов Жолдош билдирди.

Жугуштуу ооруу менен учурда эмдөөгө жашы жете элек балдар  ооруп жаткандыктан эмделбеген балдардын баары а форма 60тын негизинде эмделген.

Дарыгердин айтымында   “Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну 2017-жылдын 21-ноябрында Москвадан Кыргызстанга 1 жаш 10 айлык жана 9 айлык баласы менен келген. Келгендин эртеси эле балдарынын эти ысып, кызылча  ооруусунун белгилери пайда боло баштаган. Лабораториялык изилдөөдөн кызылча оорусу экени аныкталгандан кийин балдарды борбордогуу жугуштуу ооруулар бөлүмүнө жаткырылган. Учурда ошол эки балдар менен контакт болгондор ооруп жатат”- дейт врач Калилов.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын январь айынан тарты 27 адам кызылча оорусу менен ооруп кайрылган. Анын ичинен 21 адамы Бишкек шаарынан кайрылса, 5 адамы Сокулук районунан жана  1 адам Жалал-Абаддан кайрылган.

Булардын арасынан Жалал-Абаддык тургун Москвадан ооруп келген.

Учурда республика боюнча эпидемиялык кырдаал туруктуу. Баардыгы Саламаттык сактоо министрлигинин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 20