Дарыгер: Жол кырсыгынын айынан 1 жаш 8 айлык кыздын оң буту толугу менен алынды (видео)
Дарыгер: Жол кырсыгынын айынан 1 жаш 8 айлык кыздын оң буту толугу менен алынды (видео)
13 Бирдин айы 201815:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.02.18.Govori.TV
1 жаш 8 айлык кыздын оң буту жамбаш сөөгүнөн ылдыйы толугу менен алынды. Азыркы учурда бөлүмдө чоң энеси карап жатат. Бул туурасында Govori.TV сайтына №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгери Талантбек Өмүрбеков билдирди.
Мен 40 жылдан ашык иштейм. Мындай бутунан же колунан ажырап калган балдар аз болот. Мен билгени 7-8 адам эле ушундай абалга учураган.
“Кыздын оң буту жамбаш сөөгүнүн ылдыйы жанчылып, бутту териси эле кармап турган. Ошол эле замат микрохирург, сөөкхирургттарды чакырып консультация кылып баланын бутун сактап калганга аракет кылдык. Операция учурунда үзүлүп кеткен, жетпеген кан тамырларын тиккенбиз, бирок тери жанчылып калгандыктан кичине тартылып калган. Эртеси карасак баланын оң буту муздак, натыйжа болгон жок. Кайра консилиум кылып оң буту толугу менен ампутацияланды. Азыркы учурда бөлүмгө которгонбуз чон энеси карап жатат. Башынан да жаракат алгандыктан 10 күндөн ашык дарылайбыз» -дейт дарыгер.
Мындан сырткары, 1 жаш 8 айлык кыз ушундай оор кырсыкка учурап, бир бутунан ажырап калды. Биз баланын буту же колу ампутациялаганда анын кийин протез кийерин да эске алабыз. Бул балада да эске алынды, жарат бүтүп өзүнө келгенде протез боюнча атайын адистер бар, алар өздөрү карашат. Эки колу бүтүн эми мындан аркы кыймылы өзүнө жараша болот деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй баратып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон баласын көтөрүп бараткан 34 жаштагы аялды сүзүп кеткен.