• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дастан Бекешов Мавлян Аскарбековду кечирим суратты

24 Бугу 2018 12:02 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.05. 2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты, КСДПнын мүчөсү Дастан Бекешов жарандык активист Мавлян Аскарбековду соттун чечими менен фейсбук баракчасы аркылуу ачык кеччирим суратты. Бул тууралуу жарандык активист түшүндүрмө берди.
Анын айтымында,  ал бир жылдан ашуун мезгил мунун «Дастан Бекешов Кыргызстандагы дүлөйлөр жана азиздер коомдук бирикмесиндеги мыйзамсыз иштерге аралашкан» деген мазмундагы пикирин фейсбукка жазып, бирок, депутат бул фактыны төгүндөө менен ар-намысына шек келтиргени үчүн моралдык доо өндүрү максатында сотко берген.

“Райондук сот моралдык чыгымдын минималдуу көлөмү мыйзамда аныкталган эмес  деп, материалдык доону жокко чыгарып, жазганымды «Фейсбуктагы» баракчамда төгүндөөмдү талап кылган чечим чыгарган. Мен былтыр эле ошентип өз баракчамда төгүндөө чыгаргам. Соттун чечиминде төгүндөөнүн деталдары көрсөтүлбөгөндүктөн пост менин баракчамда турат, бирок аны менден башка эч ким көрө алчу эмес. Депутат Бекешов андан соң Жогорку сотко даттанып,  кечирим суроону ачык түрдө калтыруу чечим чыгарды. Аргасыз аткарып жатам”,-дейт ал.
Эске сала кетсек,  Мавлян Аскарбековду учурда дагы бир коомдук активист Алга Кылычев 70 млн. сомго сотко берип, соттук териштирүү жүрүп жатат.
Количество просмотров: 14