• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Депутат Бекешов ТЭЦте 5 саат эмнеге отурду?

15 Бугу 2018 17:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов ТЭЦ боюнча өз алдынча иликтөө жүргүзүп баштады. Бул тууралуу биздин өздүк булактардан маалым болду.

Анда билдирилгендей, бүгүн, 15-майда эл өкүлү Бишкек ТЭЦинин директору Андрей Воропаевдин кабыл алуусунда болуп, 5 саатка чукул сыртка чыккан эмес. демек, эл өкүлү ТЭЦтеги авария, модернизация маселеси боюнча эски-жаңы деректирдин баардык маалыматтарын кулагына кыттай куюп чыкты көрүнөт.

Бул боюнча, өзүнөн сураганыбызда, ТЭЦке башка депутаттык суроо менен барганын, ошонун жообун алып чыгып кеткенин, анчалык деле көпкө кармалбаганын айтты.

Эске сала кетсек, эртең ТЭЦ боюнча депкомиссиянын корутундусу талкууга түшөт. Дастан Бекешов өткөн отурумда бул маселени теледен түз көрсөтүүгө каршы чыкканы да бар.

Количество просмотров: 9