• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Декларация тапшыруу мөөнөтү 1-майда аяктайт. Салык кызматы жарандарга кайрылды

18 Чын куран 2023 12:57 Бишкек Govori.TV

Салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү ушул жылдын 1-майында аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы (МСК) билдирет.

Ведомство буга байланыштуу жарандарды жана жеке ишкерлерди салык декларациясын тапшырууну акыркы күнгө калтырбоого чакырат.

Практика көрсөткөндөй, салык төлөөчүлөр көбүнчө салык декларациясын акыркы күнгө калтырышат. Бул салык органдарында кезектин көбөйүшүнө же маалыматтык системасында ашыкча жүктүн пайда болушуна алып келиши мүмкүн.

Ошондуктан, МСК бардык салык төлөөчүлөрдөн салык милдеттенмесин алдын ала аткарууну өтүнөт.

Жеке ишкерлер декларацияны электрондук түрдө гана, ал эми жеке жактар тандоосу боюнча – электрондук же кагаз жүзүндө тапшырса болот.

1-майга чейин салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек:

– жеке ишкерлер, анын ичинде патент менен иштегендер;

– менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар;

– юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар;

– илимий-изилдөө, чыгармачыл, окутуучулук, дарылоо-ден соолукту чыңдоочу жана аткаруу-тескөөчү иш-милдеттерге байланышпаган калкты тейлөө боюнча башка ишти жүзөгө ашырып жаткан мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын карамагында турган мекеменин, уюмдун кызматкерлери;

– мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болуп саналбаган, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери;

– эл аралык уюмдардагы ишинен киреше алган, жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жарандар;

– жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлктү сатып алган жеке жак.

Количество просмотров: 178