• Дүйшөмбү 13 Бугу 2024
  • Понедельник 13 Май 2024

Дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

9 Бирдин айы 2024 16:18 Бишкек Govori.TV

Бишкекте 10-11-февралда айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жарманке Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде таңкы саат 8:00дөн 18:00гө чейин болот.

Анын максаты атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номуруна кайрылып, толук маалымат ала алат.

Теги:
Количество просмотров: 142