• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

12-13-апрелде Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

11 Чын куран 202516:12 Бишкек Govori.TV

12-13-апрелде Бишкек шаарында айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жарманке саат 09:00дө башталып, кечки саат 19:00гө чейин уланат. Анда социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясынын жана керектелүүчү товарлар сатылат.

Жарманкенин максаты — ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Количество просмотров: 278