• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Дене тарбия мугалими 8-класстын окуучуларына кол көтөргөн

3 Бирдин айы 202611:11 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунда дене тарбия мугалими сегизинчи класстын окуучуларына кол көтөргөн. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Буга чейин, социалдык тармактарга мугалимдин окуучу балдарды доскага чыгарып сабаган видеосу тарап, талкууга алынган эле.

Милициянын аалыматына ылайык, окуя Жети-Өгүз районундагы мектептердин биринде катталган. Дене тарбия сабагынын мугалими окуучуларга «тарбиялык саат» өтүү максатында бул кадамга барган.

Мугалим мыйзам чегинде административдик жоопкерчиликке тартылары белгиленген.

Количество просмотров: 138