Депутат Айгул Айдарова мамлекеттик ипотека аркылуу батир алды. Бул тууралуу МИКтин пресс-катчысы Ормонбек Амангелдиев социалдык тармакка жазып чыкты.
Ал Айдарова батирди мыйзамдын негизинде алганын баса белгиледи.
«Айгүл Айдарова — депутат болгонго чейин ички иштер органдарында иштеген жөнөкөй милиционер, жалгыз бой эне. Ал дагы көпчүлүк жарандар сыяктуу эле 2022-жылы кезекке туруп, бардык мыйзамдык талаптарга жооп берген», — деп айтты Амангелдиев.
Депутат Айдарова кубанычы койнуна батпай жатканы тууралуу жазып чыкты.
«Мамлекеттик ипотекалык үйлөрдүн тизмесине көптүн катарында кезеке катталган болчумун. Мен да 4 жылдан ашуун күтүп кезегим жетип жаңы конуштуу болуп отурам. Мамлекеттик ипотекалык компанияга кезеке турганымда менин кезегим эки жылдан ашкан соң жеткен болчу. Мен өз ыктыярым менен буга чейин эки жолу кезегимди жылдырууну суранып үйгө муктаж болгон жөнөкөй жарандарга берүүсүн сурангам. Үчүнчү жолу тизмеге катталып, кезегим жетип мамлекеттик кызматкер катары үйдүн ачкычы тапшырылды», — деп жазган Айдарова.

МИКтин маалыматында, бүгүн батир алып жаткандар — 2020–2022-жылдары кезекке тургандар.
Бүгүнкү күндө:
• Бишкек шаарында – 17 миң батир,
• Чүй облусунда – 22 миңден ашык,
Жалпы республика боюнча – 60 миңден ашуун батирдин курулушу жүрүп жатат.