• Ишенби 20 Кулжа 2026
  • Суббота 20 Июнь 2026

Депутат: Шайлоонун эртеси мурдагы төраганын үйүндө кызматтар бөлүштүрүлгөн

18 Кулжа 202612:56 Бишкек Govori.TV

ЖК жыйынында депутат Исманалы Жороев шайлоодон кийин кызмат бөлүштүрүү маселеси ошол кездеги спикер Нурланбек Тургунбек уулунун Аксыдагы үйүндө талкууланганы айтылып жүргөнүн билдирип, бул боюнча териштирүү керектигин айтты.

“Шайлоо өткөндөн кийин эле, баарыбыз билебиз, эртеси мурдагы төраганын үйүнөн жолугуп, ким кайсы комитетке төрага болот, ким кайсы жерге барат, ким вице болот, бүт ошол жакта чечилгени айтылып жүрөт. Ушуну сүрүштүрүп чыксак туура болот», — деди депутат.

Количество просмотров: 416