ЖК жыйынында айрым депутаттар социалдык тармактарда парламенттин дарегине айтылган сын-пикирлердин артына ким турганын иликтөө демилгесин көтөрүштү.
Депутат Максат Алымбеков спикердин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи сессиясында аткарылган иштер боюнча отчёту жана “75чилердин катына” байланыштуу соцтармактарда фейк аккаунттар туура эмес маалыматтарды таратып жатат деп эсептейт.
“Боттор иштеп баштады. Аларды карап отурсаң депутаттардын жекелигине өтүп, шылдыңдоо башталды. Мүмкүнчүлүк болсо Ички иштер министрлигине тапшырма берип коёбуз. Баарыбыз эле билебиз да. Боттордун артында бирөө турат, бирөө тапшырма берип атат”, — деди ал.
Ал эми депутат Улукбек Узакбаев интернетте ар кандай туура эмес маалыматтар тарап жатканын, төрагага кандайдыр бир кепилдиктер берилиши керектигин айтты.