ЖК депутаты Ирина Карамушкина балдарга карата зомбулук күчөп жатканын белгилеп, алардын укугун коргоодо Акыйкатчынын аппараты чабал иштеп жатат деп сындады.
Омбудсмендин аппаратында атайын бир орунду түзүп, бир орун басары балдардын укугу боюнча иштесин дегенбиз. Азыр аны көрүп жатабызбы? Ал күн сайын бардык жактан балдардын укугун айтып жүрүшү керек. Ички иштер министрлигинин маалыматында сегиз айдын ичинде балдарга карата 1012 зомбулук фактысы катталыптыр, — деди ал.