Депутат Чыңгыз Ажибаев өзү тууралуу туура эмес маалыматттар тарап, каралоо жүрүп жатканын 26-февралда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал биринчи вице-спикерлик кызматты өз каалоосу менен тапшырганын, депутат катары ишмердигин уланта берерин билдирген.
«Менин айланамда кимдер ушак таратып, каралоолорду уюштуруп жатканы бүгүн дагы бир жолу ачыкка чыкты. 2-3 адам жана 4-5 фейк аркылуу каралоо компаниясын уюштуруп, анысын эң бийик трибунага алып чыккандарга да Кудай бар. Алар 5 жыл мурдагы шайлоодо колдонгон жомокторун кайра токуп, жалган маалыматтарды орозонун улуу күнүндө таратып жатат. Баарын убакыт көрсөтөт, баарына шайлоочулар тараза.
Менин мандатымды эл берген жана шайлоо алдында берген убадаларымды аткарууну уланта берем», — деп жазды депутат.
Бүгүн, 26-февралда ЖКнын жалпы жыйынында Ажибаев биринчи вице-спикерликтен кетип жатканы айтылган.
Ушул жыйында депутат Исманали Жороев Ажибаев боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүшү керектигин айтып чыкты. Ал коомчулукта Ажибаевдин атасынын кылмыштуу дүйнөгө тиешеси бар экени боюнча маалыматтар тарап жатканын белгилеген.