• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Депутат: Башкы прокуратура «монстр» болуп кетти

30 Кулжа 2021 13:36 Бишкек Govori.TV

Башкы прокуратура «монстр» болуп кетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бүгүн, 30-июндагы жыйында билдирди.

Анын айтымында, башкы көзөмөл органы өзүнө өтө көп укуктарды ыйгарып алды.

«Башкы прокуратура мыйзамды жазат, сунуштайт, бирөөнү отургузат, тергейт жана башка бир топ ыйгарым укуктары бар. Бирок адам укуктары сакталбай калды. Сиздин учурда эле УКМК канчасын камап, акча төкмөйүнчө чыгарбай жатат. Биз кайсы мамлекетте жашап калдык. Бул мыйзам долбоорлору адам укуктарын сактабайт го», — деди Бекешев.

Ал эми Башкы прокурор Курманкул Зулушев төмөндөгүдөй жооп кайтарды.

«Сиз таң калбаңыз, биз Кыргызстанда жашап жатабыз. Азыркы колдонулуп жаткан Кодексте канча кемчиликтер болуп жатканын көрүп жатасыз. Прокуратурада бул укуктар мурда эле бар болчу», — дейт Зулушев.

Количество просмотров: 128