• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бекешев орусиялык депутат Матвеевди персона нон-грата деп жарыялоону сунуштады

25 Чын куран 202512:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Михаил Матвеевди Кыргызстанда персона нон-грата деп жарыялап, ага жана анын үй-бүлөсүнө өлкөгө кирүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү Телеграммдагы каналына билдирүү калтырып, Михаил Матвеев Кыргызстан боюнча өтө орой комментарий бергенин айтты.

“Биздин УКМК Орусиянын армиясынын катарында согушууга адамдарды азгырган бир аялды жана аны менен кошо бир нече кишини кармагандан кийин ушундай билдирүү кылды. Мен УКМК тараптамын. Негизи жагымсыз адамдар тууралуу мыйзам иштеп чыгышыбыз керек. Мындай мыйзам дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Ушундай билдирүүлөрү үчүн алардын Кыргызстанга киришине, өлкөдө кандайдыр бир ишкердик менен алектенүүгө тыюу салышыбыз керек”, — деди ал.

Дастан Бекешев Мамлекеттик думанын депутатынын сөзүнө байланыштуу Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, нота тапшыруу зарыл экенин кошумчалады.

RTVI басылмасы “Россотрудничество” уюмунун Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери, “жалданмачылыкка” шек саналып кармалган Наталья Секерина тууралуу макала чыгарган. Анда Мамлекеттик думанын депутаты, Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев Кыргызстанды “уюм” деп атаган.

“Менин оюмча, Кыргызстанга акча которууларды чектеп коюш керек. Мисалы, орусиялык банктардан акча которуу оңой. Ашынып кеткен кичинекей уюмду ордуна коюп коюуга улуу державанын миллион жолу бар”, — деген ал.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Ошто “жалданмачылыкка” айыптап төрт кишини кармаган. Кармалгандардын бири Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башкы адиси Сергей Лапушкин. Дагы бири журналист, Орусиянын “Россотрудничество” уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн филиалы – Ош шаарындагы “Орус үйүнүн” кызматкери Наталья Секерина экени белгилүү болгон.

Количество просмотров: 278