Бүгүн, 18-марттагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» конституциялык мыйзам долбоору биринчии окууда колдоо тапты.
Мыйзам долбоору менен тааныштырган депутат Марлен Маматалиев анын максаты Министрлер Кабинетинин ишин өркүндөтүүгө багытталганын белгиледи. Мыйзам долбоору менен чет жакта билим алып, мамлекеттик же муниципалдык кызматтардан сырткаркы тармактарда тажрыйба топтогон жаштарды аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматтарына тартуу мүмкүнчүлүгү пайда болот.
Талкуу учурунда депутат Нурбек Сыдыгалиев аткаруу бийлигинин жетекчилик кызматтарын аркалоодо иш тажрыйбасы маанилүү экенин белгиледи. Анын айтымында министрликтерди карьералык тепкичтердин ар бирин ийгиликтүү басып өткөн, дасыккан кызматкер гана жетектеши керек. Депутат Нурбек Сыдыгалиев ошондой эле ишкерлик менен жетекчилик тармактагы тажрыйбаны айырмалап кароого чакырды.