• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйноолорду алдын алуу борборун Акыйкатчылыкка кошуу мыйзамы кабыл алынды

25 Кулжа 202512:17 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Демилгечи – депутаттар Бакытбек Сыдыков, Эльмурза Сатыбалдиев, Акылбек Түмөнбаев, Марлен Маматалиев, Айбек Маткеримов, Аида Исатбек кызы.

Аталган конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын Конституцияда каралган укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, Конституциянын жоболоруна жана адам укуктары жаатындагы тиешелүү эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, Акыйкатчынын ыйгарым укуктарын жөнгө салган колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын ортосундагы карама-каршылыктарды жоюу максатында иштелип чыккан. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова мыйзам долбооруна байланыштуу эл өкүлдөрүнөн 60тан ашык сунуш келип түшкөнүн билдирди.

Талкуу маалында депутаттар Дастан Бекешев менен Чыңгыз Айдарбеков Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жоюлушуна каршылыгын билдирди. Депутат Исхак Масалиев аталган борборду жоюунун максатын сурады. Өз кезегинде демилгечилердин бири, депутат Марлен Маматалиев Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду Акыйкатчы институтуна кошуу менен ыйгарым укуктарын кеңейтүү каралганын белгиледи. Ал эми депутат Надира Нарматова Акыйкатчынын тергөө жүргүзүү, иш козгоо сыяктуу кошумча ыйгарым укуктарды алышы менен макул эместигин айтты. Депутат Гуля Кожокулова Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар жагдайларды тактады.

Количество просмотров: 85