• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Депутат Чойбеков “Бейөкмөт уюмдар” жөнүндөгү мыйзамды демилгелеген топтон чыкты

8 Кулжа 2023 22:54 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамга авторлош болуудан баш тартты. Бул тууралуу ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирген.

“Башында менин атым бул мыйзамдын демилгечилеринин тизмесине кирген. Мен НКОнун финансылык ишмердүүлүгүнүн ачык-айкын жана көзөмөлдөлүшүн камсыз кылууну колдодум. Бирок кийинчерээк мыйзам долбоорунун акыркы версиясы менен таанышып, колумду алып салууну чечтим. Бул мыйзам долбоору демократияга жана адам укуктарына каршы багытталган көптөгөн жоболорду камтыйт. Ошондуктан мен “Бейөкмөт уюмдар жөнүндө” мыйзамдын демилгечилеринен чыгып жатам”, – деген Чойбеков.

Буга чейин эл өкүлү Эмил Токтошев дагы демилгечи топтон чыкканын айткан.

Количество просмотров: 112