• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Токтошев Нарматованын «чет элдик агент» мыйзамына авторлош болуудан баш тартты

8 Кулжа 2023 19:31 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна авторлош болуудан баш тартканын билдирди.

«Бул мыйзам долбоорунун айланасында кайчы пикирлер жаралып жатат. Мен башына авторго эки шарт менен кабыл алуу керектигин айткам: биринчиден, келген акча ачык болуш керек, анан чыгымдалганын дагы көрсөтүп коюшсун. Башында демилгечи топко киргем, кийин кайра чакыртып алдым. Себеби аябай көп нерсе кошулуп калган»,-деди депутат.

Белгилей кетсек, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталууда.

Аталган мыйзам долбоордо Надира Нарматова менен чогу авторлош 32 депутат көрсөтүлгөн. Алар: Нарматова Н.А., Садырбаева Ж.Э., Култаева Г.О., Кыдыкбаев Ж.С., Ташиев Ш.К., Атажанов Ы.Ы., Алимбеков Н.К., Сулайманов К.К., Ханджеза К.Л., Коргонбай уулу Ж., Маткеримов А.Т., Сарыбашов Т.Н., Исмаилов Ф.Д., Козуев А.А., Абдалиев М.А., Кенжебаев А.Б., Матраимов И.И., Мамасадыков З.Д., Ражабалиев Н.А., Алтынбеков А., Эрбаев А.Т., Токторбаев Ж.Ш., Боронбаев А.Ж., Сыдыгалиев Н.О., Шабазов Б.В., Масабиров Т.А., Малиев А.К., Жамгырчиев Э.Э., Сарбагышев М.К., Чойбеков Б.К., Атазов Ш.К., Түмөнбаев А.Т.

Количество просмотров: 132