Өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурдагы жубайымын деген Асел Азаматова аттуу Threads социалдык тармагынын колдонуучусу депутат менен жашап жүргөн жылдары андан зордук-зомбулук көргөнүн жазып чыкты.
Анын айтымында, алар 2016-жылы баш кошкон, эки жылдан кийин жолдошу кол көтөрө баштаган. Асел Азаматова зомбулукка чыдап келгенин балдарын атасыз калтырбоо аракети менен түшүндүргөн. 2022-жылы төрт айлык кош бойлуу кезинде катуу сабап, соттук-медициналык экспертиза “мээ чайкалган” деген тыянак чыгарып бергенин кошумчалады.
Депутат Элдар Сулайманов бул боюнча үн ката элек.
Ал эми Ички иштер министрлиги бул факты боюнча териштирүү иштери башталганын кабарлаган.