• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат Икрамов тосмолордон өткөрмө кагаз сурап жатышканын айтып арызданды

15 Чын куран 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

Посттордо депутаттардан өткөрмө уруксат кагазын сурап жаткан учурлар болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде парламенттин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Биз шаардын аймагында күбөлүк менен жүргөндө посттордон өткөрмө кагаз жана документтерди сурап жатышат. Шайлоочулар менен жолугушуп жатабыз. Бул боюнча постто тургандарга айтып коюшуңуздар керек», — деди Икрамов.

Ал эми Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Жогорку Кеңештин депутаттары жана дипломаттар өзгөчө абал киргизилген аймактарда 24 саат жүргөнгө укугу бар экенин айтып, ушундай учурлар болсо комендатурага кайрылууну сунуштады. Ал бул боюнча чара көрүлө турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 475