• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат Көкүлов Чүй—Абдрахманов көчөлөрүндөгү курулуш боюнча сын айтты

29 Үчтүн айы 202613:32 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Эрулан Көкүлов ишкер Нариман Түлеев Бишкек шаарынын борборунда имарат куруу үчүн бекитилген долбоордон четтеп, мыйзам бузууларга жол бергенин бүгүн парламент жыйынында сүйлөп жатып айтты.

Депутат курулуш УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кийлигишкенден кийин гана токтотулганын белгилеген.

«Мыйзамсыз курулушту токтотуу үчүн сөзсүз түрдө президент же вице-премьер кийлигишүүсү керекпи? Бул учурда төмөнкү инстанциялар эмне кылып жатышты? Жумуштан кетишсин. Алар ал жерде эрке балдардай болуп эмне кылып жүрүшөт?», — деди ал.

Количество просмотров: 168