• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рита Карасартова: Кыргыз элине иштеп берүүгө күчүм да, акылым да жетет!

17 Аяк оона 201820:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.09.2018. Govori.TV
КР Акыйкатчылыгына талапкер Рита Карасартова: “Омбудсмен” кызматына укук коргоочулар келүүсү керек.  Кээ бир программаларды карасан бүт маселени акыйкатчы чече тургандай кылып жазып коет. Бул таптакыр туура эмес. Акыйкатчынын милдети элден келген арыз муңдарын бир нукка коюп, кайсы мыйзамдардын айынан укуктар бузулуп атканын Жогорку Кенешке жеткирип, маселенин чечилишине өбөлгө болуусу керек.
Акыйкатчылыкка аттануу менен мурунку укук коргоо жаатындагы активдүүлүгүнүз менен аброюнузду жоготуп алуудан коркпойсузбу?,-деген суроого: “Менин “авторитетим” сыйлык деле эмес. Бир жерге илип койгондой. Ошондуктан кыргыз элим менин авторитетим жөнүндө ойлонбой эле коюнуздар. Бүгүнкү күндө 50 гө чамалап калган жашымда, кыргыз элине иштеп берүүгө күчүм да, мээм да жетет”!-деп жооп берди.

Количество просмотров: 102