• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутат: Кызыл-Кыя шаарындагы аэропорт оңдоого муктаж

18 Бирдин айы 2020 10:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-февралда Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Сайдолимжон Джураев Кызыл-Кыядагы аэропорттун калыбына келтирүү тууралуу маселени көтөрдү.

Анын айтымында, аэропорт 20 жылдан бери кароосуз калып, 500 миңге жакын жашоочу 100 чакырымдай алыстыктагы «Ош» аэропортунан сапар тартышат.

«Кызыл-Кыя шаары 3 район менен чектешип, калкы 51 миң адамды түзөт. Араван, Ноокат, Кадамжай райондорунун чектеш аймактарындагы жашоочулар Кызыл-Кыя шаарында эмгектенип, билим алышат. Шаар эли менен бирге чектеш райондордун эли чет жактарга чыкканда Ош облусуна каттап, «Ош» аэропортунан сапар тартышат. Мындайда сааттап жол жүрүп, жүргүнчүлөргө кыйынчылык жаралат. 20 жылдан бери кароосуз калган Кызыл-Кыядагы аба майданын оңдоп, иштетүү керек эскилиги жеткен имараттарын оңдоп, кайрадан пайдалануу маселеси өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүш керек», — деди депутат Джураев.

Количество просмотров: 61