• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат Маткеримов: Имановдун өмүр баяны, кандай иштерге аралашканы четинен чыга баштады

19 Үчтүн айы 2022 13:05 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна президент Садыр Жапаров сунуштаган Талант Имановдун талапкерлиги каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Айбек Маткеримов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго кадр тандоо маселеси тууралуу айтты.

«Талапкерлерди тандоодо туура тандоо кылсаңыздар. Ар бир кесиптин ичинен билген, кесипкөй инсандар бар. Бирок андай адамдар калып кетип жатат. Азыркы алып келген талапкериңиздин дагы (Талантбек Иманов -ред.) өмүр баяны, кандай иштерге аралашканы четинен чыга баштады. Азыр келип «президентибиз жоопкерчиликти алды» деп үч-төр жолу кайталадыңыз. Сиздер дагы жоопкерчиликти алышыңыздар керек. Ар бир алып келген талапкериңиздер эртең Бажы кызматынын башчысына окшоп эки айга жетпей коррупцияга аралашып кетсе, сиз дагы өзүңүздү коррупционер катары баалашыңыз керек. Ошондо жумуш алдыга жылат. «Вазир жакшы – хан жакшы» деген жакшы сөз бар. Сиздер туура багыт көрсөтсөңүздөр, президентибиз дагы алдыга кетет. Ушундай жасакерликтин айынан президенттерибиз мөөнөтүнө жетпей кетип атат»,-деди ал.

Количество просмотров: 4714