• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Башка депутаттар депутат эмеспи?». Маткеримов Жапаровго даттанды

28 Чын куран 2023 11:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясы Министрлер кабинетинин маалыматын угуп жатат.

Жыйында депутат Айбек Маткеримов Акылбек Жапаровго кайрылып, айрым орун басарларына карата нааразы пикирин айтты.

«Кызматтык тартип, этика деген болот. Бизде социалдык маселелер көп, бирок ошол эле социалдык маселелерди тейлеген орун басарыңыз бүгүн жок. Биздин комитеттерге чакырса келбейт. Кечээ келип айтыптыр, «мен бул кишилердин бар экенин билгенде комитетке келмекмин» деп. Эмне башка депутаттар депутат эмеспи? Же силер ушундай саясат кылып жатасыздарбы? Колдоп койсо башка жагын алат экенсең… Же эмне сөзсүз бакырып туруш керекпи?», — деп суроо салды.

Депутатка жооп берген Министрлер кабинетинин төрагасы эл өкүлдөрүнүн жаралган суроолоруна жооп берүүгө дайым даяр экендигин, бирок алдын ала маалымат берүү менен жыйындарга чакыруу керектигин белгиледи.

Количество просмотров: 102