• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Депутат министрге: «Бардыгыбыз эмдөө алып, уу коргошун ичип туралы»

12 Теке 2021 17:55 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди чакырып, вакцина, коронавирус инфекциясы тууралуу маалымат алып, суроолорун беришти.

Сөз алган ЖК депутаты Шайлообек Атазов министрге бир нече суроо узатып, эмдөө ишин кылдат аткарууну сунуштады.

«Вакцинаны биздин төрагабыз мактады. Бардыгыбыз эмдөө алалы. Андан сырткары уу коргошун ичип туралы. Ошондо бардыгы жакшы болот», — деди депутат.

Белгилей кетсек, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келерин кабарлады.

Калкты тез арада эмдөө үчүн эл көп чогулган парк, аянттарга атайын чатырлар тигилет.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, коронавирусту уу коргошун менен даарыланса болот деп, анын кайнатмасын түз эфирде ичкен болчу. Бейшеналиевдин бул кадамы коомчулукта талкуу жараткан.


Количество просмотров: 372