• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Момбеков КУУнун дипломун жасалмалоого шектелүүдө

19 Жетинин айы 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Социал-демократтар” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков «экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын» билдирди.

Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев Боршайкомдун 18-ноябрдагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, атайын кызмат 2020-жылдын 5-мартынан бери Момбековго байланыштуу Жазык кодексинин “Документтердин жасалмасы” беренеси менен ишти териштирип жатат.

Анын айтымында, Момбеков Кыргыз улуттук университетинин дипломун жасалмалоого шектелүүдө. Момбековдун үстүнөн 2020-жылы 5-мартта Бакыт Шаршенбиев аттуу жаран арызданган.

Тергөөчүлөр Улуттук архив фондунан Момбековдун диплому тууралуу маалымат берүүнү суранышкан. 2020-жылы 16-мартта Архив фондунан жооп келген. Анда КУУнун диплому Момбековго таандык эмес экени, дипломдун номуру башка адамга берилгени айтылат. Бул Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын диплому да жасалма документтин негизинде алынганын билдирет.

“Социал-демократтар” партиясы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун дипломуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдирүүсүнө жооп берди.

Партиянын 18-ноябрда тараткан маалыматында атайын кызматтын Рыскелди Момбековдун жогорку билими боюнча дипломун текшерип жатышын оппозициялык депутатка карата бийликтин басымы деп бааланган.

Количество просмотров: 300