• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ошто мыйзамсыз диплом берүү фактылары боюнча кылмыш ишин козголду

26 Жалган куран 202517:56 Бишкек Govori.TV

Ошто мыйзамсыз диплом берүү фактылары боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Прокуратуранын маалыматына караганда, Ош облусунун Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзам талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында райондун аймагында жайгашкан №109 кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган, Кыргызстандын аймагында болбогон 10 студентке экзамендик баалар коюлуп, окууну аяктагандыгы тууралуу тийиштүү адистиктер боюнча мыйзамсыз дипломдорду берүү фактылары аныкталган.

Аталган фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 484