• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Нарматова «Билим берүүнүн отличниги» болду

21 Жетинин айы 2023 14:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда чет элдик агент деген түшүнүктү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун демилгелеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин алды. Бул тууралуу сүрөттү Фейсбукка Нуриля Исакулова жарыялаган.

Сыйлыкты Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тапшырган. Маалыматта белгилегендей, төш белги Нарматовага билим берүүнү өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылды.

Билим берүү министрлиги бул сыйлык боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 25-октябрда Жогорку Кеңеш Надира Нарматова жана депутаттар тобу тарабынан демилгеленген “Бейөкмөт уюмдары жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Бул мыйзам долбоору коомчулукта катуу сынга алынып, кайчы кептерди жараткан.

Активисттер, укук коргоочулар бул мыйзам кабыл алынса, эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп белгилеп келишет.

Количество просмотров: 162