4-мартта депутат Исманали Жороев Жогорку Кеңештин жыйынында Кара-Жыгач токоюна тийиштүү көңүл бөлүнбөй жатканын, анын айрым жерлери тиричилик таштандылары менен булганганын билдирди.
“Аймакта экопарк түзүп, видеокөзөмөл, жарыктандыруу жана веложолдорду орнотуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде кичи кайык станцияларын уюштуруп, “кичинекей Венеция” форматында эс алуу аймагын түзүүгө мүмкүнчүлүк берет”, — деди эле өкүлү.