• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутаттар Акыйкатчыны кызматтан алуу сунушун карайт

3 Бугу 20239:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карайт.

Парламент 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Мындан улам “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген.

Абдрахматова бул кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

Количество просмотров: 93