• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутаттар Байсаловду кызматтан алуу сунушун колдоду

22 Кулжа 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда парламент Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун карап, колдоду.

Жыйынга Эдил Байсалов өзү дагы чакырылган, бирок келген жок.

Байсаловдун отставкасын кароо сунушун парламенттеги «Ишеним», «Ата Журт-Кыргызстан» жана «Мекенчил» депутаттык тобу берди.

Кечээ бир нече депутат Байсаловдун кызматтан алынышын талап кылышкан. Буга Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Байсалов «Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин» айткан.

Количество просмотров: 142