• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Депутаттар Бишкекке таза унаалар гана кириш керек деп эсепетешет

12 Үчтүн айы 2018 14:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.01.18.Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутуттары автоунаа жуучу жайларды шаар сыртына көчүрүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Мындай сунушун “Кыргызстан” фракциясынын төрагасы Алмазбек Баатырбеков  бүгүн фракция жыйынында сунуштады.

“Бишкек шаарына кирип келе жаткан автоунаа ээлери унааларын борборго кирип келе жатканда сөзсүз  жуудуруп келиши керек. Бул жагын кандай карап жатасыздар?”, — деди депутат.

Бул суроого өкмөткө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов бул боюнча сүйлөшүүлөр болгонун айтып, бирок алар көзөмөл кыла албай турганын билдирди.

Алмазбек Баатырбеков  бул сунушту киргизүү керек деп белгиледи.

Эскерте кетсек, жыйында айлана-чөйрөнү чыгуучу газдар менен булгануусунун деңгээлин төмөндөтүү жөнүндө маселе каралды.

Эскерте кетсек, буга чеийин мындай демилгени Бишкек мэриясы да сунуштап келген. Мэрия борбор калаанын көчөлүрүндө жуулбай кир жүргөн унаа ээлерине айып 1000 сом өлчөмүндөгү айып пул салуу керектигин айтып чыкканы менен бул сунуш ушул күнгө чеийин ишке аша элек.

Количество просмотров: 14