• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Депутаттар электрондук тамекиге тыюу салган мыйзам долбоорун 1-окууда кабыл алды

13 Кулжа 2024 15:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш «Жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана тамеки түтүнүнүн, аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорду биринчи окууда колдоду.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Шаирбек Ташиев, Алишер Козуев, Бекмурза Эргешов, Айбек Маткеримов, Марлен Маматалиев, Исатбек кызы Аида демилгелеген.

Долбоорго ылайык, электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузган жеке жактарга 40 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом өлчөмүндө айып салынат.

Электрондук сигареттерди сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды бузуу жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң айып салууга алып келет.

Электрондук сигареттерди ташып келгендерге 150-200 миң сомго чейин айып салынат же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылат.

Количество просмотров: 93