• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Осмонов Түркияга эмне үчүн кеткенин айтты…

28 Бирдин айы 2024 11:55 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов Түркияга дарылануу үчүн кеткен. Бул тууралуу ал 28-февралда “Азаттыкка” билдирген.

Депутат чет жакка чыгып кетишинин саясий негизи жок экенин, бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге да маалымат бергенин айтты.

“Мен депутат болгонго чейин деле жыл сайын февраль айында дарыланам. Былтыр же мурдагы жылды да карап көрсөңөр болот. Быйыл да ушул айда дарыланганы келдим. Төрага менен сүйлөшүп декабрда эле келейин дегем. Бирок “бир аз коё тур” дегенинен февралга жылып калган. Менин бул жакка келгениме бир жума болуп калды. Мени чыгып кетти деп саясат кылыштын кереги жок. Мыйзамдуу өлкөдө жашагандан кийин бардыгы ден соолугуна байланыштуу жумуштан уруксат алып кетсе болот”, — деди ал.

27-февралда vb.kg сайты парламенттеги жеке булактарына шилтеме берип “депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө шашылыш чыгып кеткенин” жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тарады.

Эске салсак, 15-февралда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыялаган. Анда пикирин билдирген эксперт, саясат талдоочулар мафия аталып, издөөгө алынган адамдын жакындары парламентте отурбаш керек деген жүйө келтиришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы бажычы Абдывахаб Боронбаев 14-февралда мандатын тапшыргандан кийин Райымбек Матраимовго байланышы бар делген башка эл өкүлдөрү боюнча маселе көтөрүлүп, өзгөчө төрт-беш депутаттын ысымы ачык айтыла баштаган.

Кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар делген Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аны менен эч кандай байланышы болбогонун айтып чыгышууда.

Ал эми 22-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимовдун жана Нурлан Ражабалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин карап, бир добуштан кабыл алынган.

Количество просмотров: 164