Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусупов 20-апрелде мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз жазды. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
Маалыматка караганда, Эмилбек Жусуповдун арызы БШКнын жакынкы отурумдарында каралат.
Жусупов 2021-жылы “Ишеним” партиясынан шайланып келген.
Буга чейин ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышкан. Депутат азыр ал ишканага тиешеси жок экенин билдирген.