Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 5-октябрда Билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин жактырышты.
Талкуу маалында депутаттар Кендирбаевага бир катар суроолорду беришти. Алсак, эл өкүлү Бактыбек Чойбеков өлкөдөгү педагогикалык кадрлардын, өзгөчө орус тили мугалимдеринин жетишсиздиги тууралуу сөз кылып, билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу максатында мугалимдерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча сунуштарын берди.
Ал эми депутат Мейкинбек Абдалиев замандын талаптарына ылайык жана өлкөдөгү билим берүүнүн керектөөлөрүн эске алуу менен көп тилдүү билим берүү системасын киргизүү тууралуу пикирин билдирсе, эл өкүлү Карим Ханджеза республикадагы орус мектептерин кыргыз тили боюнча окуу куралдары менен камсыз кылуу маселесине токтолду.
Эске салсак, 28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.