• Шаршемби 3 Теке 2024
  • Среда 3 Июль 2024

Депутаттар уран казууга жол ачкан мыйзамды колдоду

13 Кулжа 2024 10:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун 3-окууда 70 депутат колдоп, 8 депутат каршы добуш беришти.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинен титаномагнетитти өндүрүү негизги максат экенин айтты.

Аталган документ 29-майда ЖКда биринчи окууда каралып, колдоо тапкан.

Эске салсак, документ 2019-жылы кабыл алынган “Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө” мыйзамын жокко чыгаруу максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп, Кызыл-Омпол кенин мамлекет өзү иштетүүнү пландап жатканын айткан. Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров январь айында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кызыл-Омпол кенинде баасы 300 млрд долларга чейин жеткен кен байлык бар экенин билдирген.

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Натыйжада аталган компаниянын лицензиясы токтотулган.

Количество просмотров: 65