• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар жергиликтүү кеңештердин укугун азайткан долбоорду четке какты

21 Бирдин айы 2024 12:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун четке какты.

Мыйзам долбоору боюнча Кудайберген Базарбаев баяндама жасап бүтөрү менен процедуралык трибунага чыккан депутат Камила Талиева бул мыйзам жергиликтүү кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын жоюп салууга алып барарын белгилеп, долбоорду талкуусу жок добушка коюп, четке кагууну сунуштады.

Ушундай эле маанидеги сунушту бир катар депутаттар да берди.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам долбоорду кайра кароого жөнөтүүнү өтүндү.

Натыйжада Камила Талиеванын сунушу добушка коюлуп, каттоодон өткөн 86 депутаттын 67си мыйзам долбоорду четке кагууга макулдук беришти.

Количество просмотров: 73