• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК «Мунапыс берүү» тууралуу мыйзам долбоорун 3-окууда колдоду

24 Жетинин айы 202321:23 Бишкек Govori.TV

Баш мыйзамдын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү мыйзам долбоору парламентте 23-ноябрда 3-окуудан кабыл алынды.

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан адамдардын айрымдарына мунапыс берүү жөнүндө мыйзамга ылайык, оор эмес кылмыш кылганы үчүн айыпталган төмөнкү адамдар жаза өтөөдөн бошотулат:

— жашы 55тен жогорку аялдар жана жашы 60тан жогорку эркектер;
— I — II — топтогу майыптыгы бар адамдар, үй-бүлөсүнүн жалгыз багуучусу, эки же андан ашык жашы жете элек же майыптыгы бар балалуулар;
— биринчи ирет соттолгондор, жалгыз бой энелер, көп балалуу аялдар;
— мыйзам күчүнө кирген күнгө карата бир жылга жетпеген жаза мөөнөтү калган аялдар, жашы жете элек өспүрүмдөр.

Количество просмотров: 242