• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутаттар Жаныбек Абировду мандатынан ажыратабы?

15 Жалган куран 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

Башкы прокурордон депутат Жаныбек Абировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Жогорку Кеңешке сунуш келип түштү. Бул тууралуу бүгүн, 15-мартта өткөн жыйында төрага Нурланбек Шакиев билдирди.

Шакиев, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетине сунушту танаписте карап, парламенттин жыйынында корутундусун берүүнү сунуштады.

Бул тууралуу депутаттарынан Жаныбек Абировду мандатынан ажыратуу тууралуу сурап көрдүк.

Эске салсак, 12-мартта түнкү саат 1:46 чамасында атайын чакыруу менен «Золотой Дракон» кафесиндеги абалды көзөмөлдөө үчүн келген коргоо агенттигинин кызматкерлери А.Ж. жана А. уулу А.ны Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров баштаган адамдар ур-тепкиге алышкан. Ачылган кылмыштын алкагында шектүү катары А.Д. жана П.Э. кармалган.

Мыйзамга ылайык, депутатка кылмыш ишин козгоо, аны жоопко тартуу үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу суралат. Ага байланыштуу Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-4-пункттарынын («адамдардын тобу тарабынан коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерин аткаруучу адамдарга карата бейбаштык аракеттер») негизинде жоопко тартуу сунуштамасын кечээ парламентке киргизген.

Количество просмотров: 204