• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Депутаттардын сынына калган Эдил Байсалов төрага Мамытов менен жолукту

4 Бирдин айы 2022 18:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов менен жолукту. Бул тууралуу Байсалов «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Мен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун кабыл алуусунда болдум. Төрага менен вице-спикер Улан Примовго конституциялык орган катары парламентке жана депутаттарга терең урмат-сыйымды билдирдим. Кыргыз тилинде берген маектин айрым жерлери орусчага которулганда мааниси бурмаланып калган»,-деп жазган Байсалов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 3-февралдагы жыйынында депутат Нурлан Шакиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун парламент тууралуу айткандарын сынга алды. Аны тартипке чакыруу тууралуу өкмөт башчыга жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылган.

«Мындай учурда парламент сөзсүз реакция жасашы керек. Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары биздин парламентке андай сөздөрдү, ыксыз, обу жок, шакаба, шылдың сөздөрдү айтканга эч кандай укугу жок. Бизге — парламентке акыл үйрөтүп, парлмент кандай иштеш керек, эмне иш кылыш керек үйрөтө турган ал жигит эмес. Ал капталдан чыккан бир балакай баатыр боло бербесин. Биз өзүбүз парламенттин ичи иши, регламенти бар. Эл шайлаган депуттар отурат бул жерде. Анан алардын үстүнөн, биздин үстүбүздөн, антип шылдыңдап күлгөнгө эч кандай бир этика да жол бербейт», — деди Шакиев.

Ал эми депутат Исхак Масалиев болсо кызмат адамдарына парламентти сындоого мыйзам тыюу саларын белгилеп, Эдил Байсаловго чара колдонулушу керектигин билдирди.

Депутаттардын сунушу менен спикер Талант Мамытов президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул жагдайды териштирип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берилишин суранды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратына протоколдук тапшырма берген эле.

Количество просмотров: 636