• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Байсалов: «Канышай Мамыркулованын окуясы инилерине, сиңдилерине сабак…»

3 Чын куран 202513:47 Бишкек Govori.TV

“Канышай Мамыркулованын окуясы инилерине, сиңдилерине сабак болсун”. Мындай пикирин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттыкка» айтты.

Белгилүү болгондой кыргыз өкмөтүнүн делегациясы Страсбургда Евробиримдиктин институттары менен сүйлөшүүлөрлү көтөрүп, өлкөдөгү демократиянын абалы боюнча да талкуу жүргүзүп жатат.

Байсалов иш-чара тууралуу маалымат берип, бир катар суроолорго жооп берип жатып Мамыркулованын кармалуусу тууралуу комментарий берген.

«Мурун пикириңди өз алдынча ашканда айтып койчусуң. Билесиздер кээ бир пикирден, ойлонулбаган сөздөн от чыгышы мүмкүн. Өзгөчө башыбыздан өткөн, этникалык нааразычылык, биримдик, ынтымак, башка мамлекеттер менен мамилебиздерге кол көтөргөн ушундай бир кыянаттык кылгандарга албетте мурда эле алдын-ала айтылган, «100 эсе ойлонуп, ойноп сүйлөсөңөр да, ойлонуп сүйлөгүлө». Канышай Мамыркулованын дагы окуясы башкаларга сабак. Канышайды кандайдыр бир жазалоо маселеси эмес, ошол эжесин көрүп инилери, сиңдилери… ошолорго сабак болсун. Анткени сүйлөй берсе болот, ашканадагы абысындардын кеби башка, а социалдык тармакта 7 миллион адамга бул деген өтө опурталдуу. Мындай аракетке мамлекет каршылыгын көрсөтөт, муну сөз эркиндиги менен алмаштырбаш керек», — деди Байсалов.

Эске салсак, 22-мартта Свердлов райондук соттун чечими менен эки айга камака алынган. Милиция ага Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүлөрүнө байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) жана 330-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу”) менен айып койгон.

21-мартта Кыргызстандагы 60тай укук коргоочу, активист, журналист президент Садыр Жапаровго, УКМК жана ИИМ башчыларына ачык кайрылуу жолдоп, аны бошотууга чакырган болчу.

Количество просмотров: 835