• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Депутаттардын жыйынына Жээнбеков жана Жапаров келди

16 Тогуздун айы 2020 10:40 Бишкек Govori.TV

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны башталды.

Төрага Канат Исаев билдиргендей, кезексиз жыйынга 76 депутат катышууда.

Кезексиз жыйындын күн тартибинде президенттин кызматтан кетүүсү жана Бишкекте киргизилген өзгөчө абалды алып салуу маселеси турат.

Жыйынга президент Сооронбай Жээнбеков жана өкмөт башчы Садыр Жапаров катышууда. Жээнбеков Жогорку Кеңештин алдына чыгып, сөз сүйлөйт.

Эскерте кетсек кечээ, 15-октябрь күнү президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү тууралуу чечим кабыл алганын билдирген. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрында президент болуп шайланган.

Президент кызматтан кеткенден кийин анын милдеттери Жогорку Кеңештин төрагасына өтөт. Төрага президенттин милдеттерин аткара албаган учурда президенттин милдетин аткаруучу болуп өкмөт башчы дайындалат. Кечээ, 15-октябрь күнү Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаев президенттин милдетин аткаруудан баш тарткан билдирген.

Количество просмотров: 249